Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары фестивалы тийиштүү деңгээлде уюштурулбай жатканы талкууга алынды

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында бүгүн, 8-июлда Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары фестивалын уюштуруучу комитетинин жыйыны болуп өттү. Анда 5-июль күнү Чолпон-Ата шаарында өткөн көчмө жыйында берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууга алынды. 
Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр иш-чарага жогорку деңгээлде даярдык көрүү керектигин баса белгилеп өттү.
"Кыргызстан көчмөндөрдүн оюнун уюштурган биринчи өлкө болуп калат. Ага 10дон ашуун мамлекеттен өкүлдөр келип, 40тан ашуун мамлекетке көрсөтүлөт. Бул миңдеген туристтердин келишине шарт түзүп берет. Оюндардын башталышына 2 айга жетпеген убакыт калды. Ал эми оюндардын башкы аренасы боло турган Чолпон-Атадагы ат майданынын абалы тийиштүү деңгээлде эмес",- деди Сариева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан