Бишкек шаарынын Октябрь райондук акимчилигинде коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ишеним телефону иштей баштады. Ишеним телефонун уюштуруунун дагы бир максаты - райондогу аймактык мамлекеттик органдар менен муниципалдык мекемелердин ишин координациялоону системдештирүү экени айтылды. "Коррупцияга каршы күрөшүүдө жарандык коом, уюмдар жана жеке жактардын өз ара аракетинин эффективдүүлүгүн жогорулатууну максат кылат" деп айтылат билдирүүдө. Ишеним телефону: (0312) 57-89-00.