2014-жылдын январь айында дүйнөдөгү эң бай диний үгүттөөчүлөрдүн бири Ашутош Махараж жүрөк оорусунан көз жумган. Анын сөөгүн шакирттери муздаткычка салып, жарым жылдан бери тирилишин күтүшүүдө.
Ашутош Махараж көз жумса да, эң бай гуру (диний уюмду жетектеген улуу адам) деп саналат. Махараждын байлыгы жүз миллион доллар деп айтылып келет. Миңдеген адамдар аны устат катары көрүшөрү маалым. 70 жаштагы индустун сөөгүн шакирттери Нурхамал шаарындагы муздаткычка салып, көзү өткөн күндөн тартып сыйынып турушат. Маркумдун шакирттери йоганын алдында илим чабалдык кылат деп, анын бул дүйнөгө кайтып келүүсүн күтүшүүдө.
Ашутош Махараждын туугандары сөөктү каада-салты менен жерге берүү тууралуу айтышканы менен, гурунун шакирттери ага көнүшө элек.
Диний үгүттөөчү чет өлкөлөрдө бир канча диний мектептерди ачкан. Ал жакта иштегендер муздаткычтын алдында сыйынууну улантуу керектигин айтышууда. Бул тууралуу 8-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.