* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгына ылайык, Фрунзе облусу беш район жана бир шаарга кемиген. Жарлыкка ылайык, Фрунзе облусунан бөлүнгөн Будёновск, Кировск, Ленинополь, Покровка, Талас райондору Талас облусу болуп уюшулган. Жаңы административдик биримдиктин борбору Талас шаарында орун алып, Талас облусуна Жалал-Абад облусунан бөлүнгөн Чаткал району кошулган.

* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы улуттук күрөш, самбо, кулатуу, ушу боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери
Улан Эралиев Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридика бөлүмүн бүтүргөн. Спорттогу жетишкендиктери – Профессионалдар арасында панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку (2006, 2008) чемпиону, уруш түрүндөгү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2007), кармашып мушташуу боюнча Дүйнө чемпиону (2009).
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Англияда жасалма жол менен бойго бүтүрүү негизинде ак түстөгү жубайлардын үй-бүлөсүндө кара терилүү бала төрөлгөн. Буга дарыгерлердин пробиркаларды алмаштырып алуусу себеп болгон.