Германия курама командасынын чабуулчусу Мирослав Клозе бүгүн, 8-июлдан 9-июлга караган түнү орун алган жарым финалдык оюнда Бразилиянын дарбазасына гол киргизди. Бул гол анын карьерасындагы Дүйнө чемпиондугунда киргизилген 16-голу болду. Бул көрсөткүч менен Клозе белгилүү бразилиялык футболчу Роналдонун рекордун жаңылады. Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунда киргизилген голдордун саны боюнча буга чейинки рекорд ээси болуп Роналдо аталып келген. Анын эсебинде 15 гол бар.
Кошумчалай кетсек, Германия курамасы оюндун биринчи жарымында атаандаштарынын дарбазасына 5 гол киргизди.