Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 8-июлда Монголия Республикасынын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев акыркы жылдары Кыргызстан жана Монголия аралык саясий баарлашуунун жигердүү жүрүшү өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун кеңейишине жана тереңдешине жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгилеп өттү. Буга байланыштуу премьер-министр кыргыз тарап Бишкек Монголиянын Башкы консулдугун ачуу тууралуу монгол тараптын чечимин кубануу менен кабыл алгандыгын билдирди.
Өлкө башчы 2015-жылы Кыргызстанда өлкө парламентине шайлоолорду өткөрүү пландаштырылганын кошумчалап, Монголиянын шайлоо тутумун реформалоодогу тажрыйбасы менен алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзгөчө көңүл өлкөлөр аралык соода-экономикалык өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүү маселесине бурулду. Тактап айтканда, эки мамлекеттин кайрадан түзүлгөн Иштиктүү кеңешин өнүктүрүү талкууланды.
“Кеңешти түзүү эки өлкөнүн иш жүзүндө кызматташууну өнүктүрүүгө болгон ниетинин дал келүүсүн айгинелейт. Биз анын биринчи жыйынын күтүүдөбүз жана кеңештин ишине чоң үмүт артуудабыз",- деди Оторбаев.
Иш сапардын жүрүшүндө сооданын өнүгүүсүнө жетишүү максатында тараптар ортосунда айыл чарба, мал чарбачылыгы, соода жана инвестиция, ишкердүүлүк, өнөр жай, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, курулуш, туризм, саламаттык сактоо, маданият жана илим жаатында келишимдерге кол коюлду.
Ошондой эле премьер-министр биргелешкен аракеттин натыйжасында тараптар 2014-жылы урунттуу натыйжаларга жетише аларына ишеним билдирди.
КРнын Премьер-министри Кыргызстандын экономикасындагы негизги орунда Монголиядагыдай эле тоо-кен тармагы турарын айтып, Монголиянын бул тармактагы көрүнүктүү жетишкендиктерин эске алуу менен монгол тажрыйбасын иликтөөгө карата кызыгуусун билдирди.