Милицияга Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Ж.Саламат кайрылып, маршруттук таксиден 5000 сомдук «Самсунг 6102» үлгүсүндөгү телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уурулукка шектелип борбор калаанын 23 жаштагы тургуну А.Улан кармалды.
Мындан тышкары укук коргоо органдарына 53 жаштагы Д.Валерий арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар гаражына кирип, унаасынан 6000 сомдук буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Бул фактыга шектүү катары 18 жаштагы С.Александр колго түшүрүлгөн.
Ошондой эле милицияга 28 жаштагы К.Эрмек кайрылып, белгисиз адамдар унаасынан 4500 сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Кылмышка борбор калаанын 18 жаштагы тургуну С.Александр шектелүүдө.
Милицияга 20 жаштагы Ш.Алина арыз жазып, анда Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп тоноп кетишкени айтылган. 10 миң сомдук телефон менен 2700 сом акча каражатын уурдоо фактысына шектелип 31 жаштагы С.Мелис, 33 жаштагы Б.Кубанычбек, 32 жаштагы С.Эрлан кармалды.