Баткен облусунун 2 тургуну Бишкекте тоноочулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну саат 22:00 чамасында жумушунан кайтып келе жатканда, Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 2 адам кол салып, ур-токмокко алышкан. Аталган адамдар шаар тургунунун уюлдук телефонун, акчаларын алып кетишкен.
Жабырлануучу бул учурда милиция кызматкерлерин көчөдөн көрүп калып, аларга кайрылган. Издөө иштери дароо башталып, кылмышка шектүүлөр изи сууй электе кармалышкан. Иликтөөдө тоноочулукка шектелген жарандар Баткен облусунун 1985-жылы туулган тургундары экени аныкталган.
Аталган факт боюнча иликтөө иштери уланууда.