8-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен адам 10 метр тереңдиктен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, 7-июль күнү Ысык-Көлгө Каракол шаарынын тургуну чөгүп кеткен. Аталган жаранды издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси куткаруучу суучулдар тарабынан көлдүн 10 метр тереңдигинен табылып, ата-энесине тапшырылган.