Өкмөт өлкөнүн миграциялык маселелерин КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин миграция маселелери менен КРнын Тышкы иштер министрлиги алектенип келген. “2015-жылга Кыргызстандын бардык телекөрсөтүүлөрү сан ариптик негизде болушу керек. Иштерди кылдаттык менен аткаруу зарыл. Буга байланыштуу биз маалымат саясатын Маданият жана туризм министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштап жатабыз”,- деди Сарпашев.