“Милиция кызматкерлери тоноп кетишти” деп жалган арыз жазган Бишкек шаарынын тургунуна кылмыш иши козголду

“Милиция кызматкерлери тоноп кетишти” деп жалган арыз жазган Бишкек шаарынын тургунуна кылмыш иши козголду. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, И.Галина аттуу жаран милиция бөлүмүнө кайрылып, милиция формасын кийген 2 адам Будённый жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен документтерди көрсөтүүсүн сурап, кийин 10 миң сомго бааланган уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка кетип калышкандыгы тууралуу маалымдаган.

Бул факт боюнча атайын кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Бирок иликтөө учурунда аталган айымдын уюлдук телефону шаардык эс алуучу жайлардын биринен табылып, аны И.Галина акчасы жоктугунан күрөөгө таштап койгону аныкталган. Бул боюнча күбөлөр да тастыктап беришкен.

Учурда И.Галина тарабынан жазылган арыздын негизинде козголгон иш токтотулуп, И.Галинанын өзүнө “кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан