Оштун Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы жаран тууганын атып өлтүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Буйга айылынын 48 жаштагы тургуну Кеңешбек Бектемиров өзүнүн автоунаасы менен Беш-Кемпир айылындагы жол аркылуу Көк-Кыя айылына бара жаткан. Күтүүсүздөн жолдон эркек адам чыга калып, курал менен коркутуп, унааны токтотууну жана айдоочунун унаадан чыгуусун талап кылган. Талаптар аткарылбаган соң ок атылып, айдоочу белинен жаракат алган. Жараат алган жаран Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканасында каза болгон. Ал эми ок аткан адам окуя болгон жерден изин жашырган.
Бул факт боюнча ыкчам иликтөөлөр жүрүп, анын жүрүшүндө адам өлтүрүүгө шектүү болуп 41 жаштагы Ж.А. кармалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын үйүнөн курал табылып, шектелген адам Кара-Кулжа райондук ИИБинин убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кармалган жаран көрсөтмө берип жатат. Анда белгилүү болгондой, атып өлтүргөн жаран анын тууганы болгон.