Ошто кир жуугуч машина чыгаруучу завод ачылды

Ош шаарында жаңы ишканалар ачылып, ишин баштап жатышат. Бул тууралуу  бүгүн, 9-июлда вице-мэр Замир Аскаров билдирди. 

Анын айтымында, жаңыдан түзүлгөн «Жим-Мэй» заводу кир жуугуч машина чыгармакчы. Анда 50 адам иш менен камсыз болгон. Жылына 52 миллион сомдук 10 миң даана товар өндүрөт. Аталган завод сентябрь айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Ошондой эле бул жерде келечекте муздаткычтарды чыгаруу дагы пландаштырылган. 

Мындан сырткары «Шин-Азия» деп аталган ишкана мрамор плиталарын чыгаруу үчүн түзүлдү. Алар ишин баштап, 5 адам эмгектенет. Ай сайын 150 миң сомдук 500 чарчы метр мрамор плиталарын чыгарышмакчы. 

Шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров бул жеке ишкана, заводдун жетекчилигине жергиликтүү бийликтен кандай жардам болсо, колдоо көрсөтөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erhan
2014-07-09 11:30:59
Жакшы кабар экен дагы мындан ары чоң-чоң буюмдарды колдон келсе Автомашина чыгаргыла.
+1
Dadasdasd
2014-07-09 12:06:17
Машаллах
0
tolkun85
2014-07-09 12:15:13
жакшы кабар, ошол жерде кыргыздар иштесе мындан да жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан