Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №1-шаардык милиция бөлүмү оңдолду. Муну бүгүн, 9-июлда мэриядан кабарлашты. Оңдоо иштерине райондук бюджеттин эсебинен 360 миң сом бөлүнүптүр. Жаңыланган бөлүмдүн абалы менен райондун акими жана Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси таанышып чыгышканы айтылды.