Айбек Осмоналиев өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруудан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 9-июлда өкмөттүн аппараты билдирди.
Осмоналиев бул кызматка 2012-жылдын 4-июлунда мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен дайындалган болчу.