Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейинки аралыкта 45 мыйзам долбоорун карады. Муну аталган комитеттен билдиришти. Комитет сессия аралыгында ар кандай маселелер боюнча 23 жыйын өткөргөн: мунун ичинен үчөөсү көчмө жыйын, экөөсү тегерек стол. Комитет мүчөлөрү тарабынан 45 мыйзам долбоору каралып, анын ичинен 5 мыйзам парламентте кабыл алынып, президент кол коюптур.
Ал эми 28 мыйзам долбоорун тармактык комитеттерге жөнөткөн. Учурда комитет бөлүмүндө 3 мыйзам долбоору изилдөө жана карап чыгууга даярдоо стадиясында турганы айтылды.