Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Нурбек Калматов дайындалды

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Нурбек Калматов дайындалды.  

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 9-июлда өкмөттүк аппараттан кабарлады. Нурбек Калматов буга чейин аталган фонддун статс-катчысы болуп эмгектенген.  

Айта кетсек, өкмөт башчынын башка буйругу менен фонддун буга чейинки төрагасы Айбек Осмоналиев кызматынан бошотулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан