Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер боюнча комитети сессия аралыгында парламенттик угуу өткөргөн жок

Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин судьялардын сапатын жакшырта турган жана сот системин реформалоого багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун карады. Комитет белгилегендей, алардын катарына төмөнкүлөр кирет: 
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо кеңеши жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору. Аталган мыйзам долбоорлорунда судьяларды сынактык тандоо жол-жоболоруна өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат. Сунуш кылынып жаткан чаралар судьяларды тандоонун сапатын жогорулатууга оң таасир этери, коррупциянын ыктымалдуу көрүнүштөрүн жокко чыгарары жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кадыр-баркына оң таасир этери айтылды.
Комитет "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдаган. Бул мыйзам долбоору тергөөнү айыптоо корутундусу менен аяктоо жол-жобосун карайт. Мындан тышкары 10 күндүк мөөнөттө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда жасалган кылмыш жөнүндө арызды прокурор карап чыгышынын мөөнөтүн бир айга чейин узартуу жөнүндө ченем каралган. Мыйзам долбоору менен жоголгон кылмыш ишин калыбына келтирүү жөнүндө кошумча ченем да киргизилет. Тергөө жана сот практикасында кылмыш иштерин жоготуу, атайлап жок кылуу, өрттөп жиберүү фактылары жана иштерди жоготуунун башка фактылары бар экени белгиленет. 
Комитет "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдаган. Мыйзам долбоору сырттан өндүрүш боюнча тергөөчүнүн процесстик ыйгарым укуктарын карайт.
Колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык, сот адилеттигинен атайлап качкан соттолуучуга карата жазык ишин сырттан кароого жана сот тиешелүү чечим чыгарышына жол берилет. Көрсөтүлгөн Жазык-процесстик кодекс сырттан айып коюуну карабайт. Эгерде тергөөнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө кылмыш жасаган адам тергөө амалдарын жүргүзүүдөн качса жана Кыргызстандын аймагынан сыртта жүрсө, анда бул мыйзам ишти сотко жөнөтүү жол-жобосун карабай тургандыгын билдирет.
2013-жылдын сентябрынан тартып 2014-жылдын июнуна чейин комитет парламенттик угууларды өткөргөн жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан