Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин Чүй, Ош жана Баткен облустарында 3 көчмө жыйын өткөрдү. Муну аталган комитеттен билдиришти. Анда депутаттар сот имараттарынын абалын, судьялардын жоопкерчилигин талкуулашкан.
Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата райондук сотторунун, Ош облустук, Ош шаардык, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондук сотторунун, Баткен жана Кадамжай райондук сотторунун, Баткен облустук сотунун кызматтык жайларынын абалы менен таанышуу учурунда имараттардын абалы жана алардын материалдык-техникалык абалы сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча коюлган талаптарга жооп бербей тургандыгы белгилүү болуптур.
Аталган сот имараттарынын дээрлик баары капиталдык оңдоону талап кылары айтылат. "Сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн жайлар архитектуралык-техникалык минималдуу стандарттарга ылайык келбейт. Бардык соттордо сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн бир гана зал бар, бул процесстин катышуучуларына ыңгайсыздыкты түзөт, анткени жыйналыштарды судьялардын тар кабинеттеринде өткөрүүгө туура келет. Соттолуучуларды сотко чейин кармоо шарттарын жакшыртуу талап кылынат. Аларда эң жөнөкөй шарттар жок, ошондой эле башка кемчиликтер бар" деп айтылат билдирүүдө.