Чүйдө мал уурулукка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө мал уурулукка шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул боюнча Чүй ОИИББинен бүгүн, 9-июлда билдиришти.

Маалым болгондой, Москва районундагы Мураке айылынын тургуну милицияга кайрылып, айыл четиндеги мал сарайынан белгисиз адамдар 2 коюн уурдап кетишкендиктерин кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.Р. аттуу Беловодск айылынын тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан