Парламент: Сот-укуктук маселелер боюнча комитетке 10 айда 886 кайрылуу түшүптүр

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетине 10 айда жарандардан жана юридикалык жактардан 886 кайрылуу түштү. Муну аталган комитеттен билдиришти.  
864 кайрылууга тийиштүү жооп кайтарылганы айтылат. Пайыздык көрсөткүч менен алганда кайрылуулардын өзөгүн төмөнкү маселелер түзөт:
Жарандык же жазык ишин объективдүү карап чыгууга жана адилеттүү өкүм чыгарууга көмөктөшүү өтүнүчү бар кайрылуулар 50 пайыз;
Жергиликтүү судьялардын, Жогорку Соттун судьяларынын аракеттерине даттануулар, процесстик укук бузууларга даттануулар 15 пайыз;
Жогорку Соттун актыларын кайра карап чыгуу өтүнүчү бар кайрылуулар 6 пайызга жакын; 
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттануулар 1,5 пайыз;
Сот аткаруучулардын аракеттерине даттануулар 1 пайыз.
"Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүлгөн даттануулар алардын топтолушуна жараша каралат. Кылдат текшерүү талап кылынбаган, каралып чыккан даттануулар жана арыздар боюнча тиешелүү органдардын жооптору арыз ээлеринин өздөрүнө берилет. Көзөмөлдөгү арыздар боюнча комитетке тиешелүү маалыматтар келип түшүүдө" деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан