Бүгүн, 9-июлда вице-премьер-министр Эльвира Сариева бирдиктүү мектеп формасын пайдалануу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген мектеп формасын өндүрүү жана жайылтуу тартиби талкууга алынды. "Форма ачык жана заманбап болушу үчүн биз дизайнерлерди мүмкүн болушунча көп тарттык. Окуучулардын жана ата-энелердин каалоосун добуш берүү аркылуу жыйнадык. Мектеп формасын тигүүдөгү техникалык стандарттар түзүлгөндөн кийин тигүү ишканалары форманы базарга чыгара алат. Эми тийиштүү органдардын милдети - сапатын көзөмөлдөө жана сунушталган баалар боюнча ата-энелерге маалымат жеткирүү",- деди Сариева.