Эртең Баткендеги айланма жолдун курулушун улантуу башталат

Эртең, 10-июлда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу улантылып баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Кечээ министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов жолдун курулушун баштоо үчүн тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп келиптир. Техникалар Ак-Сай айылына жеткирилгени айтылды. Айта кетсек, айланма жолдун курулуш иши өткөн жылы декабрь айында башталып, Тажикстан жарандары 2014-жылдын 11-январында жолдун курулушуна каршы чыгып, эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуу орун алган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан