Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Швейцариянын каржы министри Эвелин Видмер-Шлумпф башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу 9-июлда Улуттук банктан билдирди. Жолугушууга экономика министри Темир Сариев да катышканы айтылды. Анда эки тараптуу каржылык маселелер талкууланып, Улуттук банктын төрагасы Швейцария тараптын Кыргызстанга көргөзгөн колдоосуна жана Кыргызстандын кызыкчылыгын эл аралык каржылык институттардын арасында сунуштагандыгына ыраазычылык айтты.