Жогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алууга укук коргоочулар байкоо салышат

Акыйкатчы аппаратынын 30 кызматкери өлкөнүн жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу жараянына көз карандысыз байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу буйрукка бүгүн, 9-июлда КРнын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев кол койгонун аталган мекемеден кабарлады. 

Маалыматка таянсак, акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерин бардык жогорку окуу жайларга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо боюнча Билим берүү жана илим министринин буйругу чыгарылды. Ага ылайык, аппарат кызматкерлери абитуриенттердин укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча аракеттерди көрүшөт. Алар борбор калаада гана эмес, облус борборлорундагы жогорку окуу жайларынын ишине байкоо жүргүзүшмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан