Чүйдө 28 жаштагы айымды мас абалында келип, күч колдонуп зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Заря айылынын 28 жаштагы Э.К. аттуу тургуну милицияга кайрылып, саат 23:00 чамасында Бакыт аттуу адам үйүнө кирип келип, күч колдонуп зордуктоого аракет кылгандыгын кабарлап, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары Бакыт аттуу аталган айылдын тургунун кармашкан. Учурда 27 жаштагы Бакыт убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.