Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Адамкул Жунусов айрым бажы органдарынын жетекчилерине сөгүш жана эскертүү берди. Муну бүгүн, 9-июлда аталган мекемеден билдиришти. Бажы кызматында өткөн кеңейтилген жыйында 2014-жылдын 5 айында бажы төлөмдөрүн чогултуу, укук коргоо бөлүмдөрүнүн иштеринин жыйынтыгы талкууланганы айтылды. Бажы төлөмдөрүн жыйноо ойдогудай болбой жатканын белгилеген Жунусов тийиштүү жетекчилерге буларды айтты:
"Силердин ишиңердин чабалдыгынан чек арада аткезчилик жол менен өткөн товарларды укук коргоо органдары кармашууда. Силердин кол алдыңардагы кызматкерлер өз милдеттерин толук аткарбай жатат. Айрым кызматкерлер таптакыр ишине шалаакы мамиле жасап жатат".
Аягында бажы төлөмдөрүндөгү планды аткарбай койгон жетекчилерге сөгүш жана эскертүү берилгени айтылды.