Жылнаама, 10-июль: Мындан 63 жыл мурун акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматов туулган

* Мындан 66 жыл мурун, 1948-жылы борбор шаарда орун алган "Красный металлист" заводу кир жуугуч машина өндүрүшүн өздөштүргөн. Бир жарым килограмм кир жууй турган машина кийин "Киргизия" деп аталып, кыска аралыкта ал айымдардын алмашкыс буюмуна айланган. 
* Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Эгемберди Эрматов 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган. Акындын обонго салынган ырлары: “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка. 
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы чечен террористтеринин лидери, Москвадагы 130 киши каза болгон Норд Ост жана Осетиядагы мектепти барымтага алып, 520 адамдын өлүмүнө алып келген террордук иштерди мойнуна алган кылмышкер Шамил Басаев кайтыш болгон.
10-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан