Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Алмазбек Атамбаев 9-июлда “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түрк академиясын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.
Ратификацияланган документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине түркиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан