“Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” жаңы мыйзамга кол коюлду

Алмазбек Атамбаев 9-июлда “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. 

Аталган документ Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн байкоодо болушун жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн так эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.

Бул мыйзам “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жаңы редакциясы, ал күчүнө киргенден кийин 2007-жылдын 10-августундагы №147-азыр колдонуудагы мыйзам күчүн жоготот. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан