Нарын шаарында 2 автоунаа сүзүшүп, кырсыктан 1 адам каза тапты

Нарын шаарында 2 автоунаа сүзүшүп, кырсыктан 1 адам каза тапты. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Нарын шаарынын Ак-Коргон аймагындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө Ауди А6 жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусунун мээси чайкалып, шаардык ооруканага жеткирилген.

Ал эми Ауди А6 унаасынын айдоочусу, Сыргак аттуу жаран окуя болгон жерде каза болуп, өлүкканага алынып барган. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meka93
2014-07-10 09:17:56
ии жаман болуптур. Абайлашса болмок экен. Конул айтам Сыргактын уй-булосуно,ал эми берки бала жакшы болуп сак айыгып чыксын. Жолдо журуунун эрежесин сактагыла,айдоочулар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан