Бишкек шаарында сарык илдети менен ооругандардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн парламентте «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Курманбек Өмүралиев билдирди. Айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал жылдан-жылга курчуп жатат. “90-жылдары ичеги оорулары менен ооругандардын саны 15 миң болсо, 2011-жылы 30 миңге жеткен. 2012-жылы ичеги оорусу менен катталгандар саны 33 634 миң адамга жетти. Бул оорулардын баары коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелердин сакталбаганына байланыштуу мындай илдетке кабылгандар бала бакчалар көп кездешет”,- дейт башкы дарыгер.