Темир Сариев Кытайдагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жыйынга катышууда

КРнын Экономика министри Темир Сариев Үрүмчү шаарындагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай Синьцзян-Уйгур автономдуу району" координациялык тобунун жыйынына катышууда. Иш-чара 9-10-июлга белгиленген. Жыйында соода, транспорт, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, каржы жана турзим тармагындагы маселелер каралат.
Иш сапардын жүрүшүндө экономика министри Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ши Даган менен жолугушат. Ошондой эле бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан