Кыргызстан жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык макулдашуу-каты ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо” долбоору боюнча гранттык макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Каржы министрлигине Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин аппараты бүгүн, 10-июлда кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан