Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган "Түрк маданияты жана мурасы" фондунун уставын ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 10-июлда президент аппаратынын кабарлады.
Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине депозитарий болгон Азербайжан өлкөсүнө Кыргызстан тарабынан жогоруда аталган уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгын ырастоочу тиешелүү документти жөнөтүү милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.