Бүгүн, 10-июлда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча алгачкы сот отуруму болот. Азыркы тапта Биринчи Май райондук сотуна депутаттын келиши күтүлүүдө. Учурда райондук соттун айланасы 100гө чукул милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.
Келдибековго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сот отуруму 10-июлда саат 10:00дө болору белгиленген.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган. ЖКнын депутатын үй камагына чыгаруу талабы менен Бишкек жана Ош шаарларында бир нече жолу акциялар өткөрүлгөн.