Бүгүн, 10-июлда Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы сот отуруму өтмөк. Биринчи Май райондук сотунда өтүүчү соттук отурум Ахматбек Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу 15-июлга жылдырылганы айтылууда.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган. ЖКнын депутатын үй камагына чыгаруу талабы менен Бишкек жана Ош шаарларында бир нече жолу акциялар өткөрүлгөн.