"Акыркы эки жыл ичинде жасаган туура эмес иштерим үчүн ар бир кыргызстандыктан жана бийликтеги адамдардан кечирим сурайм",- деп билдирди Жогорку Кеңештин мурунку депутаты
Камчыбек Ташиев. Телеканалдардын бириндеги маегинде Камчыбек мырза өткөн иштерди, жакшы-жаман мамилелерди унутуп, бийлик менен кызматташуу ниети бар экенин да айтты.
"Акыркы эки жылда башымдан көптөгөн окуялар өттү. Ийгиликтер, ийгиликсиз күндөр көп болду, түрмөгө да отуруп чыктым. Бул аралыкта туура эмес айткан сөздөрүм, туура эмес мамилелерим болсо, кимдир бирөөнү капа кылган болсом, ар бир кыргызстандык мусулмандан "мени кечирип коёсуздар" деген сөздү чын дилден айтмакчымын. Кечирим суроом карапайым адамдарга гана эмес, бийликтегилерге да тиешелүү. Бийликтеги адамдар менен да туура-туура эмес, жакшы-жаман сөздөр айтылып кетти",- дейт Ташиев.
"Ата Журттун" жетекчиси бийлик менен ымалага келүү керектигин минтип түшүндүрдү:
"Бүгүнкү бийликте тургандарды да түшүнөм. Пайгамбарыбыз айтат эмеспи, "көп адамды жеңген эмес, өз ачуусун баса билген адам күчтүү" деп. Биз да өзүбүздүн терс кулк-мүнөзүбүздү оңдоп, элдин кызыкчылыгы, Кыргызстандын келечеги үчүн бийлик менен иштешүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө президентке деле оор, анткени геосаясий, геоэкономикалык маселелер курч бойдон турат. Алардын биздин мамлекетке тийгизген таасири жакын арада күчөп кетиши мүмкүн".
Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийинки аракеттери туура эмес болгонун моюнга алат.
"Кумтөр" же башка саясий маселелерди чечүүдө митинг, ар кандай акциялар болушу мүмкүн. Кашаадан аттап өткөнүбүз мамлекеттик ишмер, депутат катары туура эмес болгонун моюнга алышыбыз керек. Бул өтө ачуу чындык, оор болсо да моюнга алууга милдеттүүбүз. Бирок биз аны өзүбүздүн кызыкчылыкты чечип алалы, бийликти басып алалы деген ниетте кылган эмеспиз. Элдин кызыкчылыгы үчүн "Кумтөр" маселесин чечүүгө карата жасаган аракетибиз болгон. Бул үчүн биз мыйзам боюнча тийиштүү жазабызды тарттык, түрмөгө отуруп чыктык, мандатыбызды тарттырдык... Соттун чечими, балким, бийлик ээсинин бизге жасаган жумшак мамилеси болду. Жогорку Сот бизде курал болгон деп чечим чыгарды, бирок куралыбыз болгон эмес. Бизге оор беренени койду да, бирок жазага тартуу өтө жеңил болуп калды. "Бейбаштык" беренесин тагып, мындан да оор жаза берсе болмок",- деп кошумчалады экс-депутат.
Ташиев өз сөзүндө мамлекет башчынын коррупцияга каршы күрөшүү демилгесин колдой турганын, Ахматбек Келдибеков күнөөлүү болсо, түрмөгө камалышы керектигин белгиледи.
"Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин "коррупцияга каршы күрөшүү" деген демилгеси эң туура демилге. Муну баары, мамлекеттеги ар бир жаран колдошу керек. Мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй адамдар дагы муну колдоп, жыйынтык чыгарышыбыз зарыл. Коррупциянын кекиртегин буугандан кийин гана мамлекетте өзгөрүүлөр пайда боло баштайт. Ахматбек Келдибековдун күнөөсү болсо, сөзсүз жазасын тартышы керек. Бирок коррупцияга аралашканын тактай алышпасачы? Алай эли деле, биз деле "эгер күнөөсү болсо, Ахмат Келдибеков камалсын" деп жатабыз. Эгер күнөөсү болбосо, анда чыныгы коррупционерди кармашыбыз керек",- деди ал.