Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин жарандардан 362 кайрылуу түштү. Муну аталган комитеттен билдиришти. Кайрылуулардын көпчүлүгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери, прокуратура кызматкерлеринин кайдыгер мамилесине даттануулар түзүптүр.