Токмок шаарында көчөдө 3 жаранга карата ок чыгарган жарандар кармалып, күнөөлөрүн мойнуна алышты

Ушул жылдын 7-май күнү Токмок шаарында саат 23:00 чамасында көчөдө бара жаткан Мерседес-Бенц унаасына белгисиз адамдар тарабынан ок атуучу куралдан ок чыгарылган. Жыйынтыгында унаанын айдоочусу ооруканада каза болгон. Ал эми ок чыгарган адамдар из жашырып кетишкен. Бул окуя боюнча Токмок шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон.

Кийин 30-майда бет капчан белгисиз адамдар мечиттен чыгып келе жаткан эки адамды карай ок чыгарышып, белгисиз тарапка кетишкен. Атышуудан кийин эки жаран ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген.

Бул кылмыштардын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Чүй ОИИББи тарабынан 24 жаштагы А.Э. жана 26 жаштагы С.Н. шектүү катары кармалган. Учурда алар жогорудагы кылмыштарды мойнуна алышты. Айрым маалыматтарга караганда, бул окуя криминалдык топтордун келишпестиги да болушу мүмкүн. 9-июлда кылмышка шектүүлөр СИЗОго камакка алынышты. Буга катар эле алар жашаган жерден Калашников автоматы жана Макаров тапанчасы табылган. Белгилей кетчү жагдай, кылмыштын бети 3 күн мурун ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан