Капар Батырканов: "Токмоктогу атышуу Карышкыр аттуу "кримавторитеттин" жана Көлбаевдин топторунун мүчөлөрүнүн ортосунда болушу мүмкүн"

Токмокто жарандарга ок чыгарган адамдар Карышкыр каймана аты бар "кримавторитеттин" уюшкан кылмыштуу тобунан, ал эми көз жумган жаран Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунан болушу мүмкүн. Бул тууралуу 10-июлдагы маалымат жыйынында Чүй ОИИББинин жетекчиси Капар Батырканов билдирди.

"Атышууга криминалдык топтордун келишпестиги себеп болгон болушу мүмкүн. Азырынча кайсы криминалдык топтордун арасында чыр чыкканы такталып жатат",- деди ал.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-май күнү Токмок шаарында саат 23:00 чамасында көчөдө бара жаткан Мерседес-Бенц унаасына белгисиз адамдар тарабынан ок атуучу куралдан ок чыгарылган. Жыйынтыгында унаанын айдоочусу ооруканада каза болгон. Ал эми ок чыгарган адамдар из жашырып кетишкен. Бул окуя боюнча Токмок шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Кийин 30-майда бет капчан белгисиз адамдар мечиттен чыгып келе жаткан эки адамды карай ок чыгарышып, белгисиз тарапка кетишкен. Атышуудан кийин эки жаран ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан