"Жогорку Кеңеш 2012-жылы 200 миллион сомго жакын каражат үнөмдөп калды". Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-январда өткөн маалымат-жыйынында билдирди. Анын айтымында, ЖКнын бюджетине чыгашалар үчүн 959 миллион сом бөлүнсө, анын 770 миллион сому коротулган. Ошондой эле былтыр ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгү жабылганын, төраганын фонду 40 миллиондон 27 миллион сомго кыскарганын жана Парламенттин аппаратында иштеген 142 кызматкер кыскарганын билдирди. Ошондой эле 2013-жыл үчүн ЖКга бюджеттен 770 миллион сом бөлүндү, бирок бул жылы парламент чыгашаларды 50 миллион сомго азайтууну болжолдоп жатканын кошумчалады төрага.