2014-жылдын 6 айында Бишкекте баңгизатка көз каранды 68 адам каттоодон өттү. Муну 10-июлда Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти кабарлады. Наркологиялык жактан жапа чеккен 280 адам жарым жылда каттоого алыныптыр. Мунун 212си алкоголго көз каранды болуп калгандар. Борбор шаарда курч мүнөздөгү ашказан оорулары, кызамык, менингит оорусу күч алганы жана бул жаатта алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.