Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан автоунаа күйүп, эки адам каза болуп, бир адам жабыркады

Бүгүн, 10-июль күнү эртең мененки саат 06:15те Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгында автоунаа күйүп, эки адам көз жумду. Дагы бир адам жабыр тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык Ош облусундагы Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүндөгү Мырза-Арык айылында, Бишкек-Ош унаа жолунун 618-619-чакырымында катталган. Анда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру O 7638 G) катуу ылдамдыкта баратып жолдон чыгып, даракка урунган. Кырсыктын кесепетинен автоунаадан өрт чыгып, айдоочу, Кара-Кулжа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну, 1987-жылы туулган А.Жуманов жана Кара-Кулжа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Ш.Калмурзаев ошол жерде каза болгон. Андан тышкары унаада келаткан дагы бир жаран жаракат алып, Куршаб айылдык ооруканасына жеткирилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baieltai
2014-07-10 15:24:44
жаман окуя болуптур,аллах сактасын
0
Temari
2014-07-10 15:57:30
Менин айылдаштарымдын аты жону, кайда шашышты экен? Жаман болуптур ((( Жайлары жаннаттан болсун...
0
assss
2014-07-10 17:00:43
жаман болуптур жаткан жери жайлу болсун
0
beka88
2014-07-10 17:33:34
АЛЛАХым оз мееримине алсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан