Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүүчү жайлар жабылган жок, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Бүгүн, 10-июлда Баткен облусундагы атышуудан улам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүүчү жайлар жабылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган облустагы КРнын Чек ара кызматынын түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-июлда түшкө маал Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Атышуудан улам кыргыз тараптан жаракат алгандар жок экени белгилүү болгон. Жаңжалдын себеби - Баткендеги айланма жолдун курулушу улантылбай токтоп калышы мүмкүн экени айтылганы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан