Кыргыз-тажик вице-премьерлери жолугушуп, чек ара көйгөйүн сүйлөшүүдө

Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев менен Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон жолугушуп, сүйлөшүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, эки тарап Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушун баштоо тууралуу сүйлөшүүдө. “Тажикстан вице-премьери баштаган делегация азыр келип, жыйналыш жүрүп жатат. Ал эми бүгүн чек арачылардын ок атышканы тууралуу да маселе талкууланат”,- деди Искандаров.

Айта кетсек, бүгүн саат 11:00 чамасында Баткендин Ак-Сай айылындагы Тамдык тилкесинде тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан