Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын өкүлү 70 миң сом пара менен кармалды

Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.С. 70 миң сом пара менен кармалды. Муну 10-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка таянсак, 9-июлда Ысык-Көл облустук прокуратурасына О.М. аттуу жарандан арыз түшкөн. Анда аталган Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Эркин аттуу кызматкери бир ишке көмөктөшүү үчүн 70 миң сом пара талап кылып жатканы, кызматкерге чара көрүү сунушу айтылат. Ушул эле күнү прокуратура жана УКМКнын облустук бөлүмүнүн өкүлдөрү ыкчам чара көрүп, жыйынтыгында 70 миң сом пара алуу учурунда аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары С.С. жана башкы адис А.Э. кармалыптыр.  
Учурда факт боюнча териштирүү жүрүп жатканы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан