Баткендеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы атышуудан кийин чек арадагы унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Мамлекеттик чек ара кызматы ок атышуулар тажикстандык чек арачылардын мыйзамсыз аракеттеринен улам келип чыкканын маалымдады.
Айта кетсек, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Тажикстандын Исфара шаарында окуяны талкуулап жатышат.