2012-жылы Нарын облусу боюнча 613 кылмыш катталды, бул 2011-жылга салыштырмалуу 108 кылмышка же 14,9 пайызга аз. Облустук ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 495 кылмыштын бети ачылып, өткөн жылга салыштырмалуу 4,0 пайызга жогорулаган.
Ал эми жарандардын өздүк мүлкүнө каршы жасалган кылмыштар өткөн жылга салыштырмалуу 120 кылмышка же 27,5 пайызга азайды. Кылмыш иликтөө багытында бардыгы 392 кылмыш иши өндүрүштө болуп, 363 кылмыш ишинин алдын ала тергөө иши бүткөрүлүп, 327 кылмыштын бети ачылды. Бул кылмыштуулуктун бетин ачуу 90,1 пайызды түздү.