Талас облусундагы салык органдарынын жетекчилери ротацияланды

Талас облустук салык органдарынын жетекчилери ротацияланды. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов кол койгонун 10-июлда мекемеден билдиришти. Ротация салык жыйноодо аймактык органдарынын ишин жакшыртуу максатында жасалыптыр. Буйрукка ылайык, төмөнкүдөй кадрдык өзгөрүүлөр болду:
Абдыкалык Чынгожоев Талас шаардык салык кызматынын башчысы болуп дайындалды (буга чейин Бакай-Ата райондук салык кызматын жетектеп келген).
Мүзүр Мураталиев Кара-Буура райондук салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды (буга чейин Талас шаардык салык кызматын жетектеген).
Канатбек Мамадияров Талас райондук салык кызматынын башчысы болуп дайындалды (буга чейин Кара-Буура райондук салык кызматын башкарып келген).
Рашит Кудайкулов Бакай-Ата райондук салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды (буга чейин Талас райондук салык кызматын жетектеген). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан